11:00 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Бишкектин Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун баш дарыгери Алмаз Кубатбеков.

Травматолог: сасык тумоонун айынан кыргызстандык айымдар майып балдарды төрөп жатат

© Sputnik / Данияр Сандыбаев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
98020

Өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылгандар кантип кыйналарын жана тирүүлүктөн такыр үмүт үзүлгөндө дарыгерлер эмне кеп айтарын Sputnik Кыргызстан кабарчысы Асел Минбаева билип көрдү.

Адамдын ички дүйнөсүн патологоанатом менен травматологдордон артык билген киши жок. Биринчиси болгону адамдын этин ооруксунта албаса, экинчиси онтогон кыйкырыктын коштоосунда иштегени аз келгенсип, адамга залал келтирип алышы да ыктымал. Бул дарыгердин катасы деп аталат.

Бишкектин Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун баш дарыгери Алмаз Кубатбеков үзүлгөн кол, териден оркоюп чыгып калган сөөктөрдү күн сайын көрөт. 

— Сизди маекке араңдан зорго көндүрдүк! Операциясыз күнүңүз өтпөйт экен го. 
— Ооба, күн сайын 3-4 операция жасалат.

— Бүгүн кимге операция жасадыңыз?
— Эки жамбаш сөөгү тең сынган бир жигитке. Ал Жалал-Абад облусунан экен. Эки унаа кагышкан жол кырсыгына туш болуптур. 

Главврач Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Алмаз Кубатбеков во время интервью
© Sputnik / Данияр Сандыбаев
Бишкектин Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун баш дарыгери Алмаз Кубатбеков

— Гипс коюп койсо болбойт беле?
— Анын сөөгү жанчылып калыптыр, мындайды гипс менен кармата албайсың. Терисин кесип, сөөктөрүн хирургиялык болот бураманын жардамы менен титан пластинага карматып койдук. 

— Андай пластина канча турат?
— Мына бул немис пластинасы 400-500 доллар турат. 

— Анда муну мага бербеңиз, кокус бир четин омуруп алсам, менден 500 доллар талап кылып жүрбөңүз. 
— Бул бер жагы! Муундарды алмаштырганды айт — аябай кымбатка турчу операция. Жасалма бир муун үч миң доллар турат. 10 миң долларлык металл түзүлүштөр да бар. 

— Эмнеден коркосуз?
— Адам оорудан кыйкырбай калса коркуп кетем. Ооруну сезбей калганча алдан тайып калышынан корком. Оорудан эс-учун жоготуп койгондор адатта үч күн ичинде өлүп калат. 

— Кимге баарынан көп жаныңыз кейигенин эстеп көрсөңүз…

— Менин баарына жаным кейийт. Көз жумган кичинекей кызбы же картаң кишиби, айырмасы жок. Фучик көчөсүндө газ ташуучу унаанын жарылышынан жабыр тарткан алты кишиге ушунча жүрөгүм ооруганы эсимде. Алар денесинин 99-100 пайызы күйүп калган жаш жигиттер болчу! Тирүү алып калыш мүмкүн эмес эле. Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө бир да дарыгер жардам бере алмак эмес. 

— Мал болбой турган бейтаптын туугандарына эмне деп айтасыз?
— Мен эч качан эч нерсе убада кылбайм, сакайтып бутуна тургузам деп ант бербейм. Олуттуу көйгөйлөрдү айтпаганда да, кенедей эле жаракат оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. 

— Бирок сиз үмүт жок экенин дароо эскертесизби?
— Жок, андай учурда жакындарына колдон келгендин баарын кылабыз деп айтабыз. 

— Бейтаптын абалы начарлап кетсе, туугандары сизди келип коркуткан учур көп болобу?

— Андайлар жумасына сөзсүз бир жолу болот! Чет өлкөлөрдө дарыгерлерди кандай сыйларын билесизби? Ал жакта дарыгердин бөлмөсүнө эшик какпай кирмей жок! Алдын ала жазылып, анан барышат. Бизде болсо кезеги жок эле, эшикти буту менен тээп кирет да, опузалай баштайт.

Мен жагдайды кыйкырык-чуусуз түшүндүрүүгө аракет кылам, бирок биздин жаныбыз темир эмес да. Бейтаптын туугандарына үн көтөргөн учурлар да болот. 

Главврач Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Алмаз Кубатбеков во время интервью
© Sputnik / Данияр Сандыбаев
Алмаз Кубатбеков: бир жасалма муун үч миң доллар турат. 10 миң долларлык металл түзүлүштөр да бар

— Эвтаназияга кандай карайсыз? Жанагы, айыкпас бейтапты дем алдыргычтан ажыратып койгончу.
— Мул туурасында эч ойлогон эмесмин. Биз азия өлкөсүбүз, менталитетибиз такыр башка. Дарыгер катары бейтап мал болбосун билсем да, акыр-аягына чейин аны дарылай берем. Аны токтотууга акым жок. Бир керемет болуп кетсечи?

— Күтүүсүз керемет көп болобу?

— Көп! Бир адамдын боору да, бөйрөктөрү да, көк боору да үзүлүп кеткен. Анан калса, мээсине доо кетип, колу-буту, саны сынган. Хирургдар үзүлгөн жерин тигип, бир бөйрөгүн, көк боорун алып салган соң нейрохирургдар ишке киришти. Анан эле киши аман-эсен сакайып кетти!

Коопсуздук техникасын сактабагандан курулушта иштегендер бийиктен кулаган учурлар көп. Тогузунчу кабаттан кулап түшүп аман калгандар бар. Ооба, бир сөөгү соо калбай сынган, бирок тирүү калат!

Баса, бийиктен кулаганда балдардын аман калуу мүмкүнчүлүгү бир топ жогору. Салмактары жеңил да. Чоң киши сөзсүз жаракат алат.

— Жол кырсыгынан, курулуштан жабыр тарткандардан башка силерге дагы кимдер келип түшөт?
— Өзүнө кол салгандар көп болот. Күн сайын жок дегенде бирөөнү алып келишет. Бизде уксус, анан дары-дармек менен уукканды жакшы көрүшөт, дагы кан тамырын, күрөө тамырын, тарамыштарын кесишет. 

— Кесепеттери жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз!

— Тамырын эле кесип салса, адам кайра өзүнө келет, анын эч кеспети болбойт. Бирок күрөө тамырга тийсе, колу кургап калат да, аны кесип салууга туура келет. Тарамышын кесип салса, ошол мүчөсү бүгүлүп-жазылбай калат. 

Ууну болсо жаш кыздар жигиттери менен урушкандан кийин ичкенди жакшы көрүшөт. Концентрацияланган уксус дем алуу органдарын жана ашказан-ичегилерин күйгүзүп жиберет. Ушунча ооруйт дейсиз! Жаның көзүңө көрүнгөндөй болот. Ич, кекиртек, ооз ооруйт.

Тырык-так — бул кесепеттердин эң жеңили. Адам катуу тамак жей албай, өмүр бою буламык жеп калат. 

Тамак өткөрчү органдары такыр күйүп калган болсо, ичегисинен кесип пластика жасалат. Мындайга жеткирбей эле койгон оң. 

— Батыш өлкөлөрүндө андайларды кийин жиндиканага жаткырып коюшат эмеспи. Биздечи?
— Бизде да. Сөзсүз түрдө психиатр менен кеңешип, эгер ал зарыл көрсө, бейтапты мажбурлап дарылашат. 

— Бишкектиктер алган бөтөнчө бир жаракаттарды атасаңыз?

— Бир киши чоң мыкка отуруп алыптыр. Деги эле биздикилер учтуу бир нерселерге отуруп алган учурлар көп. Күзүндө колун кесип алган аялдарды көп алып келишет. Анын себеби, туздалган бадыраң же варенье салынган айнек банкалар айымдардын колдорунда сынып кеткен учурлар көп болот. 

Главврач Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Алмаз Кубатбеков во время интервью
© Sputnik / Данияр Сандыбаев
Алмаз Кубатбеков: кош бойлуу кезде болгон сасык тумоо баланын тубаса кемтиги бар, буту де колу жок төрөлүшүнө алып келиши ыктымал. Аялдар антибиотиктерди эсепсиз ичип, оорушат, тамеки чегип, ичимдик ичишет

Кээде өрчүүсүндө бир кемтиги бар балдарды алып келишет. Колу же буту жок, же алар ийрейип калган болот. Ошондой төрөлүшөт. 

— Ал эмне себептен болот?

— Кош бойлуу кезде кадимки эле сасык тумоо баланын тубаса кемтиги бар, буту же колу жок төрөлүшүнө алып келиши ыктымал. Аялдар боюнда барда антибиотиктерди эсепсиз ичип, оорушат, тамеки чегип, ичимдик ичишет.

Бала ичте кезде аял өзүн аёосу керек. Оору бай-кедейге карабайт. Жөн гана өнүккөн өлкөлөрдө айымдар эртелеп диагностикадан өтүп, олуттуу бир кемчилик болсо, убагында бойдон алдырып салганга кудуреттери жетет. А биздечи? Боюна бүтүп калса, тогуз ай бою дарыгерге жолобой койгондору бар. Ошон үчүн балдар адам билбеген кемчилик менен төрөлүп калат.

— Кинодо оор операция учурунда бейтаптын жүрөгү токтоп калганын көп көрсөтөт. Ошондо жабдуулары чыйылдап, дефибриллятор менен жүрөгүн кайта жандандырышат. Чыныгы турмушта да ошондой болобу? 
— Жок. Операция кылып жаткан хирург жүрөк токтоп калган учурда жардам кылбайт, аны анестезиолог-реаниматологдор жасайт. 

— Андай учурларда коркосузбу?
— Бизде коркуу жок. Бирок бирөө өлүп калса, караңгы түн түшкөндөй эле болот. Керелден-кечке үңкүйүп жүргөнүң жүргөн. 

— Силер укук коргоо органдары менен эриш-аркак иштейсиңер да…
— Ооба, байланышыбыз бар. Бейтап көзжумса, аны союшат. Патологоанатом диагноз туура коюлганын, дарылап жатканда ката кетирилбегенин аныктайт. Бир нерсени туура эмес кылган болсоң, укук коргоо органдары сага киришет. 

— Сизге да киришти беле?

— Жок, Кудай сактасын!

Тема боюнча

Президент: дарыгерлерди элет жеринде кармап калууга болгон күчтү жумшоо керек
Белгилер:
интервью, оору, дарыгер

ЭҢ МААНИЛҮҮ