Көчмөндөр оюнуна катыша турган өлкөлөрдүн саны 29га жетти

Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү тууралуу Жобого ылайык, спорттук мелдештерге катыша турган мамлекеттер акыркы табыштамаларын ушул жылдын 7-августуна чейин жөнөтүшү керек.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турчу Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 29 мамлекет катышаарын тастыктады. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир жуманын ичинде тогуз мамлекет — Италия, Латвия, Литва, Нидерланддар, Польша, Украина, Шри-Ланка, Индия жана Эстония мамлекеттери макулдугун берген.

"3-августка карата Көчмөндөр оюндарына катышаарын Азербайжан, Аргентина, Армения, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Израиль, Индия, Индонезия, Италия, Казакстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Литва, Монголия, Нидерланддар, Пакистан, Перу, Польша, Россия, (Башкыртстан, Карачаево-Черкессия, Свердлов облусу, Челябинск облусу), Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Шри-Ланка, Эквадор жана Эстония тастыкташты", — деп айтылат маалыматта.

Учурда чет мамлекеттерден ДКО-2016 оюндарына катышуу тууралуу табыштамаларды кабыл алуу уланууда.

Күрөшчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарында намысты коргой турган балбандар белгилүү болду
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү тууралуу Жобого ылайык, спорттук мелдештерге катыша турган мамлекеттер акыркы табыштамаларын ушул жылдын 7-августуна чейин жөнөтүшү керек. 

Дүйнөлүк көчмөн оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтүп, спорттун 23 түрү боюнча күч сынашуу жүрөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0