КР менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгы белгиленет

© AFP / LAURIE DIEFFEMBACQАКШ желеги. Архив
АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул датаны Америка Кошмо Штаттарында да белгилөө сунушталып жатат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен АКШнын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгын белгилөө боюнча макулдашуу шейшемби күнү КР ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевдин мамлекеттик катчынын биринчи орун басары Энтони Блинкен менен жолугушуусу учурунда жетишилди. 

ТИМдин маалыматы боюнча Абдылдаев Америкага Борбор Азия мамлекеттери жана АКШнын Тышкы иштер ведомстволор жетекчилеринин "С5+1" форматындагы жолугушусууна келген. 

"Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнө 25 жыл толду. Бул датаны белгилөөнүн алкагында тийиштүү иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын жанан АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШга жаңы президенттин келиши Кыргызстанга кандай таасир этет?
Мындан тышкары, Абдылдаев АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал менен жолукту. ТИМ башчысы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Бисвал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына АКШнын өкүлдөрү да катышарына токтолду. Буга чейин америкалыктар күрөш, ордо жана интеллектуалдык оюндарда күч сынашары айтылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0