Чек ара кызматы: чек араны бузгандар беш жылга чейин соттолот

Жазылуу
Мыйзам бузгандар көбүнесе иш издеп Казакстан менен Россияга аттангандар.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Биринчи жарым жылдыкта чек ара режимин бузган 159 киши кармалганын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 51 киши чоочун паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылса, 15 адам жасалма документ менен кармалган.

Чек ара режимин бузган жарандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн аталган кызмат эскертет.

"Акыркы учурларда чоочун паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган жарандардын саны өсүп, мындай мыйзам бузуулар негизинен Россияга же Казакстанга кетип жаткан эмгек мигранттары тарабынан болууда", — деп айтылат билдирүүдө. 

Кармалган жарандар жасалма документ менен чек арадан өткөндөрдүн көбү кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын билишпейт дейт аталган кызмат.

Жаңылыктар түрмөгү
0