БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкектин Кайгуул милициясы айдоочулук чеберчиликтин "Автоледи-2016" сынагын жарыялаганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Конкурс былтыр да өткөн. Аны Toyota RAV-4 унаасын айдаган 23 жаштагы Айсулуу Парманова жеңип алган.
Быйыл сынакка айдоочулук тажрыйбасы үч жылдан кем эмес, өзүнүн жеке унаасы бар 22-35 жаштагы кыз-келиндер катыша алат. Шартка ылайык, катышуучунун унаасы техникалык кароодон өтүп, быйылкы жыл үчүн салык төлөнүшү керек.
Катышуучулар эки этап менен тандалат. Биринчиси — жол эрежеси боюнча экзамен, экинчиси — аңгемелешүү.
Сынакка катышуу үчүн арыздар шаршембиден баштап күнү-түнү 0(312) 90-12-00 жана 0 (312) 43-05-15 телефондору боюнча кабыл алынат. Арызда катышуучунун аты-жөнү, туулган жылы, айдоочулук стажысы, унаасынын үлгүсү жана байланышуу жолдору камтылышы керек.