Дайынсыз жоголгон ата, 73 жылдан кийин келген кара кагаз

© Sputnik / Табылды КадырбековӨчпөс отко коюлган гүлдөр. Архив
Өчпөс отко коюлган гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узак жылдар бою жоокер Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дайынсыз жогологон деп эсептелип келген. Ал туурасында эч кабар жок эле, эми 73 жылдан кийин гана баатырларча курман болгону белгилүү болду.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согушта Ленинграддын алдында курман болгон кыргызстандык Нурдин Тентиевге кара кагазды жакындары 73 жылдан кийин алышты. 

Ушунча жылдан бери ал дайынсыз жоголгондордун эсебинде эле, бирок туугандары ал жөнүндө бир нерсе билүүдөн үмүт үзүшкөн эмес. 

Согуш жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Брест чебин коргоодо кыргызстандык жоокерлердин эрдигин баяндаган китеп чыкты
Согуштун башында 1941–жылы Нурдин Тентиев мекенди коргоо үчүн фронто жөнөгөн. Жоокерди үйүндө жубайы, кыздары жана жакындары узатып калган. Бирок ал согуштан кайтпай калган. Ал эми жеңиштен кийин Нурдин Тентиевден эч кандай кабар болгон эмес. 

Кызы Нуриля өмүр бою атасын табууну тилек кылган. Акыркы жылдары анын издөөлөрүнө балдары көмөктөшүп жүрдү. Быйыл гана 9-майда ал өз атасы 1943-жылы Ленинграддын алдында жаракаттан каза болгону туурасында жазылган кара кагаз алган. 

"Эмне болгонун билүүгө уулумдун келини жардам берди, ал — тарыхчы. Ленинграддын алдында курман болгондордун тизмесинен атам жөнүндө маалымат таап чыкты", — дейт Нуриля Тентиева.

Ошондой эле издөө иштерине Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун башчысы Марат Кутанов жардам берген. Ал өлкө боюнча мындай окуялар абдан көп экенин айтты. 

"Нуриля Санкт-Петербургга келерден бир күн мурун Ленинград облусунун Достук үйү менен байланыштык. Анын кызматкерлери Нуриляга атасынын мүрзөсүн тапканга жардам беришти", — деди Кутанов.

Нуриля Тентиева Россиянын түндүк борборуна учуп бара жатканда атасынын көмүлгөн жери кайда экенин билген эмес. Нурдин Тентиевдин мүрзөсү кагаздарга ылайык белгиленген жерде жок экенин ага Санкт-Петербургга келгенден кийин айтышкан. 

"Достук үйүнүн директору атамдын коюлган жерин бир нече күн издеди. Мен бекер келипмин деп ойлой баштагам. Бирок бир аздан соң ал атамдын жаткан жайы табылганын айтты. Бизди Малиновка айылына алып келишти. Салтыбыз боюнча, атамдын мүрзөсүнөн топурак ала келдим. Өз мекенинде ал жөнүндө эстелик болсун", — деди Нуриля Тентиева. 

Ал атасынын мүрзөсүнөн алынган топуракты энесинин мүрзөсүнө алып бара турганын айтты. 

Мемориал памяти жертв блокады Ленинграда в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ленинград блокадачылары коомунун төрайымына мэрия акчалай жардам берди
Улуу Ата мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон. Блокадада калган шаардан Кыргызстанга 140 миңден ашык адам эвакуацияланган.

Блокада туура 871 күнгө созулган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болду. 1944-жылдын январында блокада алынгандан кийин да немис жана фин аскерлеринин курчоосу уланган. 1944-жылдын августундагы операциядан кийин гана фашисттер шаардан алыс сүрүп салынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0