БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бүгүн саат 10:30да Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жети облуска реанимобилдерди тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигулина, Саламаттык сактоо министри Талант Батыралиевдин катышуусу күтүлүүдө.
Аймактык төрөт үйлөрүн реанимобилдер менен камсыз кылуу жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга жана энелердин ден-соолугун жакшыртууга багытталган.
Реанимобиль — атайын медициналык техникалар менен жабдылган унаа.