Ошто азиздер арасында интеллектуалдык сынак болуп өттү

Жазылуу
Жарыш Куран окуу, сүрөт табуу, оозеки дуба айтуу жана арабча сөз жасоо боюнча болду.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда азиздер арасында интеллектуалдык сынак болуп өткөндүгүн муфтияттан билдирди.

Аталган сынактар "Мухсин-Нур" азиздер коому тарабынан уюштурулуп, катышуучулар Куран окуу, сүрөт табуу жана оозеки дуба айтуу боюнча күч сынашты.

Азиз бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азиздер жана дүлөйлөр үчүн курулган үйлөрдүн бөлүнүшүн атайын топ иликтейт
Сынак учурунда катышуучуларга атайын сүрөт тартылган кагаздар берилип, сүрөт эмне жөнүндө экендигин ийне менен чегилген тамгалар аркылуу таап алуу тапшырмасы коюлган. Мындан сырткары, катышуучулар сезимталдуулугу жана жаттоо чеберчилиги аркылуу Куран сүрөлөрүн кагазга чегилген тамгалар менен окуп, оозеки сөздөрдү которуп кураштыруу жана дубаларды жатка айтуу менен көрүүчүлөрдү таң калтырышты. 

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга Ош облустук мусулмандар казыятынын демөөрчүлүгү менен турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар тапшырылып, сый тамак уюштурулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0