Кыргызстандык жаш куткаруучулар РФтеги эл аралык мелдеште ийгилик жаратты

© Фото / пресс-служба МЧС КР"Коопсуз мектеп" аттуу жаш куткаруучулардын III эл аралык мелдешине катышкандар
Коопсуз мектеп аттуу жаш куткаруучулардын III эл аралык мелдешине катышкандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын атынан бул мелдешке Ош шаарынын окуучулары катышкан. КРден он кишиден турган топ 21-июлда аттанып, 1-августта кайтып келген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балдар Россиянын Ленинград облусунда өткөн "Коопсуз мектеп" аттуу жаш куткаруучулардын III эл аралык мелдешине катышып, бешинчи орунга татыганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан бул мелдешке Ош шаарынын окуучулары катышкан. КРден жалпысынан 10 кишиден турган топ 21-июлда аттанып, 1-августта кайтып келген.

"Тогуз күнгө созулган бул мелдешке Кыргызстан, Россия, Болгария, Сербия, Польша, Казакстан, Белоруссия, Азербайжан Латвия, Эстония сыяктуу мамлекеттерден өкүлдөр катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен КРдин командасы бешинчи орунга татып, Польша, Сербия, Болгария, Азербайжан өңдүү өлкөлөрдү артта калтырды", — деп айтылат маалыматта.

Жалпы жыйынтык боюнча Россиянын командасы 1-орунду, Белоруссиянын командасы 2-орунду, Азербайжандын командасы 3-орунду, Казакстандын командасы 4-орунду, Кыргызстандын командасы 5-орунду камсыз кылган.

Мелдештин жеңүүчүлөрү атайын кубок жана дипломдор менен сыйланып, аларды Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-полковник Владимир Пучков өзү тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0