Бишкектин айрым аймактарында газ өчөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүГаз түтүктөрү. Архив
Газ түтүктөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында төрт күнгө газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 1-2-август күндөрү №12 кичи район, 2-3-августта "Көк-Жар" кичи районуна, 3-4-августта Грибоедов жана Байтик баатыр көчөлөрүнө берилбейт. 

Ишкана мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу болуп жатканын түшүндүрдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0