Теракт коркунучунан улам Бишкектеги төрөт үйүндө өнөктөш менен төрөөгө тыюу салынды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЫмыркайлар. Архив
Ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыюу салуу 12-августка чейин улантылат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Теракт коркунучунан улам Бишкектеги №2 төрөт үйүндө өнөктөштүк төрөткө тыюу салынганын башкы дарыгер Азамат Алымбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мындай демилге акыркы учурда дүйнөдө, өзгөчө Түркия менен Франциядагы окуялардан улам көтөрүлгөн. Ошондой эле №4 төрөт үйү убактылуу жабылганына дагы байланыштуу болгон.

"Биз эки төрөт үйү үчүн иштеп жатабыз, келгендер аябай көп. Кош бойлуулар коридордо дагы жатышат. Төрөткө катышабыз дегендер көп. Бирок дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам коопсуздукту күчөтүп, аларды киргизүүдөн баш тарттык. Андыктан тийиштүү билдирүү да илип койгонбуз", — деди Алымбаев.

Өнөктөштүк төрөткө салынган тыюу №4 төрөт үйү иштей баштаганда, башкача айтканда 12-августта алынып, №2 төрөт үйү өз режиминде иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0