Унаасы жарылып, колу жулунуп кеткен прокурордун абалы жакшырып, өзү басып калды

© Фото / предоставлено МВДПоврежденный от взрыва автомобиль работника прокуратуры в селе Орто-Сай
Поврежденный от взрыва автомобиль работника прокуратуры в селе Орто-Сай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ортодо Башкы прокуратары жардыруучу зат унаанын үстүнө коюлгандыгын билдирди.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Унаасы жарылган прокурор Эркин Курманалиевдин абалы жакшырып, реанимациядан которулганын №4 шаардык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Исаков билдирди.

Анын айтымында, жаракат алган Эркин Курманалиев өзү басканга жарап калган.

Эске салсак, 29-июлда Орто-Сай айылында прокуратура кызматкеринин Lexus үлгүсүндөгү унаасы жарылган болчу. Башкы прокуратура кырсык болгонун тастыктап, мекеменин кызматкери жабыркаганын билдирген. Жарылуудан Курманалиевдин колу жулунуп, бир көзү жабыркаган.

Сгоревший салон автомобиля спикера Каракольского горкенеша Эрлан Айсаракунова - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаардык кеңешинин төрагасынын автоунаасын өрттөп кетишти
Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматы жарылуучу зат унаанын үстүнө коюлгандыгын кабарлады. 

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев кылмыш жасагандарды табууну УКМК жетекчиси менен ИИМ башчысына тапшырган

Ал эми Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго жана Башкы прокурор Индира Жолдубаевага аталган ишти көзөмөлгө алуу жана кылмышкерлерди жоопко тартууну камсыз кылууну буюрган.

Жаңылыктар түрмөгү
0