ЖОЖдо өнөр жай жана физика менен математика боюнча бюджеттик орун толбой калды

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловВывеска абитуриент-2016 на одном из ВУЗов КР. Архивное фото
Вывеска абитуриент-2016 на одном из ВУЗов КР. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагындагы окуу жайларга тапшыруунун үчүнчү туру аяктады.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жогорку окуу жайларга тапшыруунун үчүнчү турунун жыйынтыгы боюнча 4604 абитуриент бюджеттик орунга өткөндүгүн Билим берүү жана илим министирлиги билдирди.

Бул көрсөткүч былтыркага караганда эки эсе көп.

"Анткен менен өнөр жай тармагында жана "физика-математика" багыты боюнча бюджеттик орундар толбой калды. Бул көрсөткүч абитуриенттердин математика жана физика сабактарынан төмөн балл алгандыгы менен түшүндүрүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетек, үчүнчү тур 11-июлдан 30-июлга чейин өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0