Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишсиз

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы оорулардын алдын алуу, медициналык тейлөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, медициналык тейлөөлөр үчүн расмий эмес төлөмдөрдү жоюу зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишсиз экенин Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Калиев үй-бүлөлүк дарыгерлерди ишке тартуу үчүн аларды материалдык жана социалдык жактан колдоо керектигин айтты.

"Ички ресурстардын эсебинен үй-бүлөлүк дарыгерлердин деңгээлин көтөрүүбүз керек. Бул багыттагы ишти күчтөндүрүү аркылуу биз күчөп кеткен оорулардын кесепеттерин жое алабыз", – деди Калиев.

Пляждагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарылабаса, эмне болот? Кыргызстанда көп кездешүүчү жыныстык оорулар
Премьер-министр саламаттык сактоо органдары калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүсү керектигин эскертти. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын август айынын соңуна дейре терең талдоо жүргүзүп, жогоруда аталган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчы оорулардын алдын алуу, медициналык тейлөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, медициналык тейлөөлөр үчүн расмий эмес төлөмдөрдү жоюу зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0