Атамбаев 60 жылдык мааракесин кантип белгилей турганын айтты

Жазылуу
17-сентябрда өлкө башчысы 60 жашка чыгат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 60 жылдык мааракесинде жогорку даражалуу конокторду аэропорттон тосуп аларын Чолпон-Ата шаарында болгон маалымат жыйында билдирди.

"КМШнын кезектеги саммити Кыргызстанда өтөт. Айрым өлкө лидерлери бардыгын бир кыл, биз улам-улам эле келип отурбайлы деп да айтышкан эле. 16-сентябрдан 17-сентябрга караган түнү жогорку даражалуу конокторду тосуп алам. Андыктан ал жумуш күн болобу, же туулган күн болобу билбейм. Көрө жатарбыз", — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, 17-сентябрда өлкө башчысы 60 жашка чыгат. Буга чейин ал мааракесине карата өзү чыгарган ырлардын топтомун орусча беш, кыргызча беш ырды CD диск кылып чыгарып, жакындарына белек кыла турганын айткан. Учурда Атамбаев орус тилинде төртүнчү ырын жаздырды. 

Өлкө башчы Атамбаевдин маалымат жыйын учурундагы референдум, дин жана Түркия тууралуу айткандарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0