Чет жакта жашаган этникалык кыргыздар ЖОЖго документтерин тапшыра алат

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 15-16-август күндөрү документтерин тапшырса, 17-18-август күндөрү алардан экзамент кабыл алынат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандан сырт жашаган этникалык кыргыздар республиканын жогорку окуу жайларынан билим алуу үчүн 15-16-август күндөрү документтерин тапшыра алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, документтер Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик башкаруу акаадемиясынын имаратында кабыл алынат.

"Мында абитуриенттин билими тууралуу аттестат, башка мамлекеттин жараны экенин тастыктаган паспорт талап кылынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кирүү экзамендери аталган окуу жайдын имаратында 17-18-август күндөрү өтөт. Анын жыйынтыгы менен 20-августка чейин Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтынан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0