Унаасы жарылган прокурор өзүнө келип, сүйлөгөнгө жарап калды

Жазылуу
Прокуратура кызматкери ооруканага түшкөн күндөн тартып эле кайтарууга алынган.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Унаасы жарылган прокурор өзүнө келгендигин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакыт Исаков билдирди. 

Эске салсак, 29-июлда Орто-Сай айылында прокуратура кызматкеринин Lexus үлгүсүндөгү унаасы жарылган болчу. Башкы прокуратура кырсык болгонун тастыктап, кызматкер жабыркаганын билдирген.

"Жабырлануучу Эркин Курманалиев ишемби күнү өзүнө келип, сүйлөгөнгө жарап калды. Бирок абалы оор бойдон калууда", — деди Исаков. 

Медет Садыркулов каза болгон унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы унаа жардыруулар жана чуулуу жол кырсыктары
Ал прокурор ооруканага түшкөндөн бери кайтарууда экенин кошумчалады. 

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев аталган окуя боюнча кылмышкерди табууну УКМК жетекчиси менен ИИМ башчысына тапшырган

Ал эми Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго жана Башкы прокурор Индира Жолдубаевага аталган ишти көзөмөлгө алуу жана кылмышкерлерди жоопко тартууну камсыз кылууну буюрган.

Жаңылыктар түрмөгү
0