Улуттук хирургия борбору 9 млн. сомго медициналык жабдуу сатып алганы жатат

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүДарыгерлер операция учурунда. Архив
Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 29-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 22-августунда аяктайт.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Улуттук хирургия борбору стерилизация үчүн колдонулуучу аппаратты сатып алуу үчүн тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда аталган жабдык 8 миллион 900 миң сомго бааланган. Көрсөтүлгөн каражат бардык кошумча нарк салыктарын кошуу менен эсептелген.

Тендер 29-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 22-августунда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0