Сабыр Жумабеков: Жардыруудан улам жабыркаган прокурор көп кан жоготкон

© Фото / предоставлено МВДСледы крови на земле у взорвавшейся машины работника прокуратуры в селе Орто-Сай
Следы крови на земле у взорвавшейся машины работника прокуратуры в селе Орто-Сай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы дарыгердин айтымында жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жардыруудан улам жабыркаган прокурор көп кан жоготкон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабеков билдирди.

Буга чейин ИИМ Орто-Сай айылында прокуратура кызматкеринин Lexus үлгүсүндөгү жеңил унаасы жарылганын айткан. Ал эми Башкы прокуратура аны тастыктап, кызматкер жабыркаганын билдирген эле.

"Жабырлануучунун көп каны кетип калган. Учурда операция жасоо алдында турабыз. Абалы оор", — деди Жумабеков.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кызматкердин бир көзү да жабыркаганын билдирди.

Башкы прокуратура жабырлануучунун атын расмий айтпаганы менен сайтындагы маалыматка ылайык, Эркин Курманалиев төргөө башкармалыгынын ага прокурору болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0