Кыргызстанда алты тилдүү туристтик сайт ишке кирди

© Пресс-служба правительства КРКыргызстанда алты тилдүү туристтик сайт ишке кирди
Кыргызстанда алты тилдүү туристтик сайт ишке кирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайт аркылуу кыргыз, англис, түрк, орус, араб жана кытай тилдеринде маалымат алууга болот.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанда алты тилдүү туристтик сайт ишке киргендигин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган сайт Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти тарабынан жасалган. 

Сайтка www.discoverkyrgyzstan.org дареги менен кирүүгө болот. 

"Кыргызстанга келе турган туристтердин дээрлик бардыгы интернеттин жардамы менен маалымат алат. Андыктан бул сайт туристтерди тартууга чоң кадам болот деп ишенем", — деди Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. 

Ал кыргыз, англис, түрк, орус, араб жана кытай тилиндеги сайтка туристтик маалыматтардан сырткары маданий жаңылыктар киргизилип турарын айтып, долбоор донорлор тарабынан каржыланганын кошумчалады.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0