Жаш жубайлар ашыкча шаан-шөкөттүн акчасына балдарды мектепке даярдамай болушту

© Sputnik / Александр Гребешков / Медиабанкка өтүүЖаш жубайлар. Архив
Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 29-июлда "Жал" кичи районундагы мечитте саат 11.00дө болот.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жаш жубайлар тойдон сырткары кошумча шаан-шөкөткө кете турган каражатка 30дай баланы мектепке даярдап, аларга керектүү нерселерди сатып беришет. Бул тууралуу болочок үй-бүлөнүн ээси Азат Аманов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 29-июлда "Жал" кичи районундагы мечитте саат 11.00дө башталат. 

"Мен эртең үйлөнүп жатам. Жубайым экөөбүз колунда жок, балдарын мектепке даярдоо үчүн мүмкүнчүлүгү аз жарандарга жардам берүүнү чечтик. Чоң тойго кете турчу акчага биз окуучуларга дептер, калем жана мектеп формаларын алып беребиз", — деди Аманов.

Ал ошондой эле оор турмушта жашаган башка балдарга да жардам берүү максатында бул иш-чараны эстафета катары башка жубайларга да берүүнү пландап жатканын кошумчалады. Учурда 1-2 жуп эстафетаны алууга макул болгону аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0