Оңдоп-түзөө иштеринен улам Бишкектин Фатьянов көчөсү жабылат

© Sputnik / Нургуль МаксутоваРемонтко жабылган көчө. Архив
Ремонтко жабылган көчө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган көчө жол кыймылы үчүн бүгүнтөн баштап тосулат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жылуулук түйүндөрүндөгү ремонттук иштерге байланыштуу борбор калаадагы Фатьянов көчөсү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Маалыматка ылайык, унаа жолу бүгүн, 27-июлдан тартып тосулат. 

"Фатьянов көчөсү Кулатов көчөсүнөн тартып, жылуулук камералары орнотулган жерге чейин жол кыймылы үчүн тосулат", — деп айтылат маалыматта. 

Оңдоп-түзөө иштери качан бүтө турганы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0