Өкмөт үйүнүн алдындагы жаңы асфальт аскердик техника менен сыналды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАскердик техника. Архив
Аскердик техника. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эски аянтта аскер техникаларынын турганы байкалган. Ал кандай максатта келгенин Башкы штабдан айтып беришти.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдындагы жаңы асфальтты аскер техникасы менен текшеришкенин Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-августта "Ала-Тоо" аянтында аскер техникасынын катышуусунда аскердик парад өтөт.

"Бизге жол кызматынан кайрылышып, жаңы төшөлгөн асфальтты сынап көрүүнү суранышкан. Ал жактагы асфальт менен "Ала-Тоо" аянтындагы асфальт бирдей. Ошондуктан биз салмагы 15 тонна болгон артиллериялык жабдууларды алып келдик", — деп Башкы штабдан билдиришти.

Алынган жыйынтыктарды жол кызматы иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0