Турак-жай боюнча митингге чыккандардын 33ү жазаланды

© Фото / Актан ТемиркановТурак-жай боюнча митингге чыккандар
Турак-жай боюнча митингге чыккандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен беш кишиге административдик айып салынып, анын экөө 4 суткага (Нурлан Асанов да бар) камакка алынса, үч киши 3 суткага камалган. 28 кишиге 300 сомдон 500 сомго чейин административдик айып салынган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. 26-июлда Максим Горький атындагы паркка 700гө жакын киши митингге чыгып, милициянын мыйзамдуу буйругуна баш ийбеген бир нече киши кармалган. Алардын арасында митингдин уюштуруучусу Нурлан Асанов дагы бар. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Митингчилер аянтка чыгып, жол тосууга аракет кылган. Милиция кызматкерлери тарабынан аянтка чыгууга тыюу салынганы боюнча эскертүү алышкан.

Кармалгандар райондук милицияга алып келинип, 33 митингчиге карата тийиштүү документтер түзүлүп, райондук сотко жиберилген.

"Биринчи Май райондук сотунун чечими менен беш кишиге административдик айып салынып, анын экөө 4 суткага камакка алынса, үч киши 3 суткага камалган. 28 кишиге 300 сомдон 500 сомго чейин айып салынган", — деп айтылат маалыматта.

Эки кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген. Калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кое берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0