Текебаев Бишкектин ортосундагы эски үйлөрдү түрттүрүү оюнан кайтты

© Sputnik / Табылды КадырбековАта-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата-Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү аталган демилгени кийинки жаштар улантат деп үмүт кыларын кошумчалады.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски имараттарды түрттүрүү боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртып алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Эске сала кетсек, аталган мыйзам долбоору июнь айында коомдук талкууга коюлган.

"Аталган демилгеге коомдун пикирин эске алуу менен жана шаарды реконструкциялоо жаатында тажрыйбабыз жок болгондуктан мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу чечимин кабыл алдык", — деди Текебаев. 

Эл өкүлү аталган демилгени кийинки жаштар улантат деп үмүт кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0