Баткенде "Кайран элим, кайда баратабыз?" баннери өрттөлдү

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиБаткенде "Кайран элим, кайда баратабыз?" баннери өрттөлдү
Баткенде Кайран элим, кайда баратабыз? баннери өрттөлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча муну ким жасаганы белгисиз болууда.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Баткендин Сүлүктү шаарына илинген "Кайран элим, кайда баратабыз?" баннери өрттөлдү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев "Кайран элим, кайда баратабыз?" баннерин өлкөгө жайылтууга акча бөлүнөрүн айтты
Милиция кызматкерлери аталган кылмышты жасаган адамды издеп жатышат. 

Бир нече күн мурун шаарда кыргыздын улуттук кийимин жана паранжа жамынган кыздардын сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинген. Ал коомдо кызуу талкууга жем таштаган.

Президент Алмазбек Атамбаев мындай баннерлерди өлкөнүн бардык аймактарына илүүгө тапшырма бергенин айткан. Өлкө башчы коомчулукту Араб, Пакистан, Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдүн маданиятын кыргыз маданияты менен чаташтырбоо керек экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0