Оштун Буйга айылындагы мектеп жер көчкү алдында калуу коркунучунда турат

© пресс-служба МЧС КРДома возле холмов где появилась угроза схода оползня
Дома возле холмов где появилась угроза схода оползня - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кооптуу аймак менен мектептин аралыгы болжол менен 200-250 метрди түзөт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Оштун Буйга айылындагы мектеп жер көчкү алдында калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында катуу жаан жаайт
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кооптуу аймакка барып, тактоо иштерин жүргүзүштү.

Анда жер көчкү коркунучу жаралган аймак менен айыл мектебинин аралыгы болжолдуу түрдө 200-250 метрди түзөрү аныкталган.

Учурда адистер абалды көзөмөлдөп турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0