№47 колониясы: акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылынган эмес

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүКолония. Архив
Колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаза аткаруу мекемесинин жетекчилиги мыйзам талаптары бузулбагандыгын белгилейт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектеги №47 жаза мөөнөтүн аткаруу мекемеси тарабынан КРдин акыйкатчысына карата мыйзам бузуулар болгон эмес. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин акыйкатчы башкы укук коргоочунун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратканы үчүн №47 колония жетекчилигине карата тиешелүү жаза колдонууну суранып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.

"№ 47 колониясы тарабынан акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Болгону тартипти сактоо максатында Кубат Оторбаевди жана жардамчысын видео, фото аппараттарын таштап кирүүнү өтүнгөнбүз", — деп айтылат маалыматта. 

ЖАМК аталган кадамын Кылмыш жаза кодексиндеги нормага таянуу менен жасаганын айтып, акыйкатчыга карата эч кандай тоскоолдуктар болбогонун белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0