Окуу жылына карата мектептердин даярдыгы текшериле баштады

Жазылуу
Жаңы окуу жылына карата орто мектептердин окуу китептери менен камсыздалышы 79,6 пайызды түздү.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери орто мектептердин жаңы окуу жылына карата күз-кыш мезгилине даярдыгын, жасалган ремонтун, жылуулук, электр энергия системаларын текшерүүнү баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министрлик бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык мектеп менен бала бакчаларында оңдоп-түзөө иштери аяктаганын белгилейт. 

"Быйыл кооптуу абалдагы мектептердин ордуна 98 мектеп колдонууга берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен бирге жаңы окуу жылына карата орто мектептердин окуу китептери менен камсыздалышы 79,6 пайызды түзгөн. Июль айында кыргыз, орус жана өзбек тилдүү окуу китептери 602 миң нуска менен басылып, мектептерге жеткирилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0