Абитуриент-2016: ЖОЖдордо 779 бюджеттик орун калды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАбитуриенттер. Архив
Абитуриенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнтөн баштап 30-июлга чейин жогорку окуу жайлардагы бюджеттик орундарга кабыл алуунун үчүнчү туру өтөт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясынын эки турунун жыйынтыгы менен 779 бюджеттик орун калганын билим берүү жана илим министри Элвира Сариева маалымат жыйында билдирди. 

Абитуриенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абитуриент — 2016. Окуу жайга тапшыруу шарттары
Министрдин айтымында, ушу тапта республика боюнча бюджеттик орундардын 84 пайызы толуп, 1831 абитуриент окууга өттү. Былтыр бул көрсөткүч 78 пайызды түзгөн. 

Кампаниянын үчүнчү туру үстүбүздөгү жылдын 30-июлуна чейин болмокчу. Ага 2322 гранттык орун бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, бюджеттик окуу үчүн 5426 орун берилип, конкурска 26 миң абитуриент катышууга укук алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0