Бишкектин жана Сауд Аравиянын ислам окуу жайлары кызматташат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМечитте куран китебин окуп отурган мусулман. Архив
Мечитте куран китебин окуп отурган мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тарап келечекте биргеликте иш алып баруу, илимий семинарларды уюштуруу, кадрларды даярдоо тармагындагы кызматташууну талкуулады.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы Ислам университети Сауд Аравия борбору Эр-Рияд шаарындагы Мухаммад бин Сауд атындагы Ислам университети менен кызматташат. Бул муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жолугушууда эки тарап келечекте биргеликте иштөө, илимий семинарларды уюштурууну, кадрларды даярдоо боюнча кызматташууну талкуулады. Ошондой эле эки окуу жай бири-бирин жакындан таанып, ислам динин жайылтууда жана араб тилин өздөштүрүүдө тыгыз иш алып баруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0