Кыргызстандык окуучулар биология боюнча дүйнөлүк жарыштан медаль менен кайтты

© Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Себат"Вьетнамда өткөн Биология боюнча эл аралык олимпиадагы Кыргызстандын окуучулары
Вьетнамда өткөн Биология боюнча эл аралык олимпиадагы Кыргызстандын окуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вьетнамдын Ханой шаарында Биология боюнча эл аралык олимпиада өтүп, ага 72 мамлекеттен 288 окуучу катышкан.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Вьетнамда өткөн биология боюнча эл аралык олимпиададан Кыргызстандын окуучулары башка өлкөдөн келген 288 баланын арасынан суурулуп чыгып, эки коло медалга ээ болду. Бул туурасында "Себат" билим берүү мекемесинен кабарлашты.

17-24-июль күндөрү Вьетнамдын Ханой шаарында биология боюнча эл аралык олимпиада өтүп, ага 72 мамлекеттен 288 окуучу катышкан.

Кыргызстандын Талас жана Токмок шаарларындагы лицейлерден барган 9-10-класстын окуучулары ийгилик жараткан. 

"Ханойдон Таластагы лицейдин 10-классынын окучусу Даян Мэлисов менен Токмоктогу лицейдин 9-классынын окуучусу Ислам Бекташев коло медаль менен кайтты",— деп билдиришти аталган билим берүү мекемесинен.

Буга чейин да кыргызстандык окуучулар Швейцарияда болгон Эл аралык XLVII International Physics Olympiad олимпиадасында физика предмети боюнча мыкты билимин далилдеп, байгелүү кайтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0