Ажылык сапарга барчулар коопсуздук боюнча атайын окуудан өтүп жатышат

© REUTERS / AHMAD MASOODМеккада ажылыкта жүргөн мусулмандар
Меккада ажылыкта жүргөн мусулмандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сабак 25-июлда Чүй аймагы боюнча өтүп, андан ары Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында да уюштурулат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ажылык сапарга барчулар атайын окуу курсунан өтүп жаткандыгын муфтияттан билдиришти.

Мусулман киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ажы башчыларын тандоо сынагы өтөт
Учурда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан зыяратка барчуларга ажылыктын эрежелери, Сауд Арабиясынын ажылыкты аткаруу мыйзамдарын жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча атайын видео-слайд сабактары өткөрүлүүдө.

Мындан сырткары кыргызстандык ажылардын мейманкана, Мина, Арафат өрөөндөрүндөгү жайгашуу тартиптери туурасында да маалыматтар берилди.

Аталган сабак 25-июлда Чүй облусу боюнча өтүп, андан ары Ысык-Көл, Нарын жана Талас дубандарында да уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0