Сот маршруттук каттамдарды аныктоочу сынак өткөрүүнү убактылуу токтотту

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги аялдамада турган адамдар. Архив
Бишкектеги аялдамада турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл ташыган унаа айдоочулары шаар мэриясын сотко берди. Алар айдоочуларга болгон талапты катуулаткан жоболорго каршы чыгып жатышат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Райондор аралык соттун 27-июндагы чечими менен Бишкек мэриясы тарабынан өткөрүлө турган маршруттук каттамдарды аныктоочу сынак убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Доо арыздар толугу менен каралгандан кийин сынакты өткөрүүгө уруксат берилет. 

"2014-жылдагы жобого таянуу менен 23-апрелде мэрия сынак өткөрүү боюнча токтом кабыл алган. Бирок сынакка катышуучулар мындай жобо "Транспорт" боюнча мыйзамдарга каршы келерин айтып, ал негизсиз экенин билдиришкен", — деп айтылат маалыматта. 

Мэриянын маалымат кызматы тараткан билдирмеге караганда, айдоочулар сынакты 2009-жылдагы талаптарга ылайык өткөрүүнү талап кылып жатышат. 

Сот отуруму 9-августка белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0