Бишкектеги гезит саткан күркөлөрдүн сырткы көрүнүшү жаңыланат

© Фото / пресс-служба БишкекглавархитектурыБишкектеги күркөлөрдүн көрүнүшүн жакшыртуу үчүн бир нече эскиздин түрлөрү
Бишкектеги күркөлөрдүн көрүнүшүн жакшыртуу үчүн бир нече эскиздин түрлөрү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай иш-чаралар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен Кыргызстандын 25 жылдыгына карата жасалганы жатат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектеги күркөлөрдүн көрүнүшүн жакшыртуу үчүн бир нече эскиздин түрлөрү даярдалгандыгы тууралуу Бишкек башкы архитектуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда учурдагы гезит, журнал сатылган күркөлөр 70-80-жылдары орнотулуп, эскилиги жеткен.

"Күркөлөрдүн жаңы түрү гезит менен журналдарды сатуу менен чектелбейт. Сүт азыктары сатылып, бут кийим тигүү кызматтарын көрсөткөн күркөлөр дагы ачылат", — деп айтылат маалыматта. 

Мындай иш-чаралар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен Кыргызстандын 25 жылдыгына карата жасалганы жаткандыгы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0