Беловодскиден айдоочунү аткан милиционер сот залынан бошотулду

Жазылуу
Кызыл жарыктан өтүп кетти делген айдоочуну аткан милиция кызматкери буга чейин райондук соттун чечими менен эки жылга шарттуу түрдө кесилген болчу.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Мурдагы жол кайгуул кызматынын (азыркы Кайгуул милициянын башкы башкармалыгы) инспектору Вахитжан Салимбаев кызматтык абалынан кыяныттык менен пайдаланганы үчүн үч жылга кесилгенин Жогорку соттун маалымат кызматы маалымдады.

МАИ кызматкери жөндөн жөн эле атты – күбөнүн көрсөтмөсү
ИИМден билдиришкендей, 2015-жылы 11-июнда болжол менен саат 21.30дар чамасында жол кайгуул кызматынын өкүлү Салимбаев "Ниссан Альмеро" үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан 23 жаштагы Тилек Шабаев атып салган. Окуя Чүй облусунун Беловодск айылында болгон. Күбөлөрдүн айтымында милиция кызматкери айдоочу Шабаевди жүйөсү жок эле атып салган. Буга чейин аны Москва райондук соту эки жылга шарттуу кескен.

Эми Чүй облусунун кылмыш жана административдик мыйзам бузуу иштери боюнча сот коллегиясы ишти иликтеп, тараптарды уккандан кийин өкүмдү кайра карады.

Сот Салимбаевди үч жылга кести. Бирок, ал белгилинген жаза мөөнөтүн өтөп койгондуктан сот залынан бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0