Жыламыш айылы "Жангарач" болуп өзгөрдү

Жазылуу
Мыйзам кол коюлгандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жыламыш айылынын аталышын Жангарач деп өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Сокулук районундагы Гавриловск айыл аймагына караштуу Жыламыш айылы 1919-жылга чейин Жангарач деп аталып келген.

"Кийинчерек айыл Чапаев болуп өзгөрүлсө, дагы бир канча убакыттан кийин Жыламыш деп аталып калган. Муну архивдеги материалдар тастыктап турат", — деп айтылат билдирмеде.

Боз үйдүн кичинекей түндүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аралдан космоско чейинки "Кыргызстан" деген аталыш жолукчу жерлер
Мыйзам кол коюлгандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жангарач Эшкожо уулу — 1801-1802 жылдары Жыламыш айылында төрөлүп, 1864-жылы каза болгон. Ал солто уурусунан чыккан чоң манап болуп, Чүйдүн батыш бөлүгү менен Талас өрөөнүн бийлеген. Жангарач менен Байтик баатыр ага-ининин балдары. 1848-жылы казак султаны Кенесары Касым уулу Чүйгө кол салып киргенде Ормон хан менен бирдикте анын мизин кайтарып, колун талкалоого катышкан деп айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0