Быйылкы июнь айы абдан ысып, 136 жылдан берки рекордду жаңыртты

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКүн ысыгы. Архив
Күн ысыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар июндагы аптап 1880-жылдагы рекорддук көрсөткүчтү жаңыртканын айтышты.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. 2016-жылдын июнь айы абдан ысык болуп, орточо температура боюнча жыл ичиндеги он төртүнчү рекорддук көрсөткүчтү койду. Бул туурасында АКШнын Океанды жана атмосфераны изилдөөлөр боюнча Улуттук башкармалыгынан билдиргенин РИА Новости маалымдады. 

"Жер жана океан үстүндөгү дүйнөлүк орточо температура 2016-жылдын июнь айында орточо эсеп менен алганда аба эң узак мезгилге ысыды деп табылды. Бул 1880-жылдагы рекорддук көрсөткүчтү жаңыртты, себеби, аталган мезгилден бери мындай ысык болгон эмес",— деп билдиришкен аталган башкармалыктын окумуштуулары.

Алар 34 жыл катары менен июнь кийинки жылдарга салыштырмалуу улам ысык болуп келе жаткандыгын кошумчалашкан.

Адистер быйылкы июнь акыркы 136 жыл аралыгындагы эң жылуу ай болгондугун айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0