Кыргыз желеги Доха шаарында алгачкы ирет илинди

Жазылуу
Катар өлкөсүндө Кыргызстандын элчилигин ачуу иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кечээ, 18-июль күнү Катар өлкөсүндө Кыргызстандын элчили каалгасын ачты. Расмий ачылышы үстүбүздөгү жылдын соңунда болорун КРдин тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Элчиликтин имаратына Кыргызсандын герби жана желеги илинди. 

© Фото / Нуран НиязалиевКыргыз желеги Доха шаарында алгачкы ирет илинди
Техническое открытие посольства КР в государстве Ката - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз желеги Доха шаарында алгачкы ирет илинди

"Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет Катарда элчилик ачылды. Ал жерге илинген желек менен герб Бишкекте жасалган. Анын узундугу 1,7 метр, туурасы 1 метрди түзөт. Ал эми флагштоктун узундугу 5 метрге чейин жетет", — деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз элчилигинин имараты Доха шаарынын борбордук бөлүгүндө, Аль-Джебайлат (Леджабайлат) аймагында жайгашкан. Аталган аймакта шаардагы эң кооз мечит жана Белгия, Тажикстан, Уругвай өлкөлөрүнүн элчиликтери жайгашкан. 

Ал ортодо бул жаңылык менен Катардагы элчи Нуран Ниязалиев Facebook баракчасына бөлүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0