Кадамжай районунда мөндүр аралаш жаандан улам сел жүрдү

© Фото / Медербек НиязалиевКадамжай району. Архив
Кадамжай району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аймактагы Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүрүгүзүлүүдө.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунда 18-июлда саат 15:00 чамасында Жийделик айылында жана Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак — Тамаша унаа жолунда катуу мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Анын кесепетинен Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылындагы 2,2 чакырым ички чарбалык жол жана Кызыл-Булак — Тамаша жолунуну 150 метр аралыгын сел жууп кеткен. Жолду калыбына келтирүү иштери бүгүн дагы улантылат.

Учурда аймактагы Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүрүгүзүлүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0