Тил комиссиясы: Көчмөндөр оюнунун жарнамасы тил мыйзамын бузууда

© Фото / пресс-служба Национальной комиссии по госязыкуЭкинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарнамасы
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарнамасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келтирилген каталарды оңдоо үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгына арыз жиберилген.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарнамаларында мамлекеттик тил боюнча мыйзам бузулуп жатканын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Ага ылайык, көчөлөрдө илинип турган баннерлерде кыргызча жазуулар жок.

"Жарнама боюнча мыйзамдын бешинчи пунктуна ылайык жарнамалар, кулактандыруулар мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде жазылыш керек. Ошондой эле Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын 27-беренсинде кулактандыруулар, прейскуранттар, жарнамалар алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде деп жазылышы керек деп турат. Көчмөндөр оюндарынын илинген баннерлеринде эки мыйзам бузулган", — деп тил комиссиясынан маалымдашты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты иштеп баштады
Учурда келтирилген каталарды оңдоо үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгына кайрылуу жиберилген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жарнамалар үч тилде жарыялана турганын маалымдады. "Көчмөндөр оюндарынын жарнамалары үч тилде — кыргызча, орусча жана англисче чыгат. Өлкө аймагындагы жарнаманын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде болот", — деп катчылыктан маалымдашты.

Андан сырткары "Манас" аэропорту жана Ысык-Көл жакка жарнамалар англис тилинде илинет. Ошондой эле сырткары орус тилинде дагы жарнамалар болорун катчылыктан кошумчалашты.

Белгилей кетсек, быйыл Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябырда өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0