Түркиядагы элчилик 16-июлдан бери байланышпай жаткан кыргызстандык аялды издеп жатат

© flickr.com / KLMirceaТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР ТИМдин "тынымсыз телефону" аркылуу Түркияга 10 күндөй мурда кары-картаң кишилерди багуу үчүн келген кыргызстандык аял 16-июлдан бери байланышка чыкпай жатканы боюнча билдирүү келип түшкөн.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. КРдин Түркиядагы элчилиги 16-июлдан бери байланышка чыкпай жаткан кыргызстандык аялды издеп жатат.

Дин аалымы Фетхуллах Гүлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гүлен Түркиядагы төңкөрүштү бийлик өзү жасашы мүмкүндүгүн айтты
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, тынымсыз телефонго (Түркиядагы элчиликтин номери) Газиантеп шаарында иштеген А.Орозобекова аттуу жарандан билдирүү келген. Ал Анкарага кары-картаңдарды багуу үчүн 10 күндөй мурун келген тууганы 16-июлдан бери байланышка чыкпай жатканын айткан.

Министрлик Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Анкара шаарындагы кыргыздардын достук жана маданият коому менен такай байланышта болууда.

17-июлда саат 12:00гө карата КР ТИМдин тынымсыз телефонуна түрдүү маселелер боюнча 100дөн ашык телефон чалуу болгон.

Түркиянын аймагында жүргөн кыргызстандыктар ТИМдин төмөндөгү тынымсыз телефондоруна чалып, кайрылышса болот.

  • Анкарадагы элчилик: 00905447788545 же 00905467799445.
  • Стамбулдагы Башкы консулдук: 00905332048643 же 00905321310523;

КР ТИМдин консулдук кызматы департаментинин "тынымсыз номери": 0 312 66 34 05 (кошумча 119); 0556 007232, 0557 710535.

Канжалаган жоокер... Полиция жаалданган топтон аскер кызматкерин коргоп жатат - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын "кылым карыткан" түнү — жүрөк опкоолжуткан сүрөттөр
Жума күнү кечинде түрк бийлиги өлкө бийлигин басып алууга аракеттер болгонун жарыялаган. Өз кезегинде Түркиянын аскерлери бийлик алардын колуна өткөнүн жар салышкан. Ишемби күнү эртең менен аскерлер колго түшүп берип баштаган. Түрк бийлиги козголоңчулардын аракети ишке ашпай калганын билдиришкен. Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан 3 миңден ашык киши камакка алынган, алардын арасында генералдар жана башка жогорку кызмат адамдары дагы бар. Өлкөнүн бийлигин басып алууга болгон аракеттин кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 265 киши каза болгонун билдирди. Алардын ичинен 104тү козголоңчулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0