Бишкектеги 6-кичи райондо көчө китепканасы ачылды

© Фото / Абдрахман ТууганбаевБишкектеги 6-кичи райондо көчө китепканасы ачылды
Бишкектеги 6-кичи райондо көчө китепканасы ачылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Инсан таануу" коомдук бирикмесинен билдиришкендей, Октябрь районунун акимчилиги көчө китепканасын ачууга уруксат берген.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы 6-кичи районунда көчө китепканасы ачылганын "Инсан таануу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Элдос Шерматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Атайын шкафтарды бул аймакка орнотууга райондун акимчилиги уруксат берген.

"6-кичирайонго атайын тапшырык менен 30 миң сомго жасалган бир шкаф коюлат. Ал жерде түрдүү жанрдагы китептер коюлду. Жергиликтүү тургундар дагы китептерди алып келишти", — деди ал.

Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынан Азамат Абдыразаков . Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектебинен мечити көп Баткендин айылындагы жашоо
Бул иш-чарага Октябрь районунун акими, Бишкек, Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарынын жаштары да катышканын Шерматов кошумчалады.

Шерматов мындай көчө китепканасы буга чейин Ош шаарында орнотулганын айтты.

Көчө китепканасынын текчесинде көбүнчө Кыргызстандын жана дүйнөлүк адабий чыгармалар коюларын, андан колдонуу бекер жана 24 саат бою ачык турарын Шерматов баса белгиледи. 

Аталган коомдун өкүлдөрү маданияттуулук китеп окуу аркылуу калыптанаарын белгилеп, жарандарды билимге умтулууга үндөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0