ТИМ: Франциянын Ницца шаарындагы терактыда КР жарандары жабыркаган жок

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATФейерверк көргөнү чогулган элди тебелеп кеткен жүк ташуучу унаа
Фейерверк көргөнү чогулган элди тебелеп кеткен жүк ташуучу унаа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фейерверк көргөнү чогулган элди топту жүк ташуучу унаа аралап тебелеп, андан 85ге чукул киши каза тапкан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Франциянын Ницца шаарында болгон терактыдан кыргыз жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"Кыргызстандын Франциядагы элчилиги бардык Тез жардам кызматтары менен байланышты үзбөй кармап турат", — деп айтылат маалыматта. 

Кечээ Франциянын Ницца шаарында фейерверк көргөнү чогулган элди жүк ташуучу унаа аралап тебелеп, андан 85ге чукул киши каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0