Ангела Меркелдин Instagram баракчасына Кыргызстан тууралуу сүрөттөрү жарыяланды

© Sputnik / Данияр Сандыбаев"Кош келиңиз, Ангела Меркель айым!" деп жазылган баннер
Кош келиңиз, Ангела Меркель айым! деп жазылган баннер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-14-июлда Германиянын канцлери Кыргызстанга Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келип кетти.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Instagram баракчасына Кыргызстан тууралуу сүрөттөр жарыяланды. Алардын арасында "Ала-Арча" резиденциясына кире бериш жердеги "Кош келиңиз, Ангела Меркель айым!" деп жазылган баннердин сүрөтү бар. Анын алдына "Тянь-Шань тоолорундагы "Ала-Арча" улуттук паркы канцлер Ангела Меркелди кабыл алууга даяр" деп жазылган.

Ошондой эле, "Манас" аэоропортунан расмий кабыл алуу учурунда чыкыйып турган Ардак кароолдун ортосунан тартылган сүрөтү жайгаштырылган.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга 13-14-июлда келип кетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0