Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынын мэри 2-августта шайланат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЖумуш орун. Архив
Жумуш орун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган шаардын мурдагы мэри Халмурзаев өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандан кийин анын орду бош калган.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо 2-августка дайындалганын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев иш кабинетинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев укук коргоо органдарынын системасын реформалоочу чечимге кол койду
Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандан кийин анын орду бош калган. 

Маалыматка ылайык, мындай чечим БШКнын кезектеги отурумунда кабыл алынган. Ошондой эле, Лейлек, Талас, Өзгөн райондорундагы бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоо боюнча болгон шайлоонун жыйынтыктары чыгарылды.

Андан сырткары шайлоо системасын жакшыртуу боюнча БШКнын мүчөлөрү тарабынан мыйзам долбооруна сунуш иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0