Кабылан-Көлдөгү кайненелер менен келиндердин "кармашы"

Жазылуу
Алай районунун Кабылан-Көл айылына караштуу Коңур-Дөбө жайлоосунда кайненелер менен келиндердин ортосунда аркан тартышуу болуп, албетте, кайненелер жеңип кетти.

"Бул оюнга үч муун — кайненелер, орто муундагылар жана жаш келиндер катышты. Жаш келиндер командасын Рано Абдылдаева менен Мээрим Кадыркулова, улуу муундар командасын Алтынкыз Сабытова апа "тейлеген", — деп билдирди видеонун автору Нургазы Каримов.

Ал эми алардын аркан тартышына Абий Масаков калыстык кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0