04:50 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Кайран элим, кайда баратабыз?" баннеринин чуусу (8)
161050

Жарнакты илдирткен фондунун расмий аталышы белгисиз. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовдун пикиринде, жарнактын артында чоң каражат булактары турат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Исламдашуу боюнча баннерди Агартуучулук маанайдагы фонду илдирткендиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, мэрия жарнактардын мазмунуна жооп бербейт. Ошентсе да талаш жараткан баннер кимдер тарабынан илингенин муниципалитет изилдеп көргөн. 

"Исламдашуу боюнча баннерди агартуучулук маанайдагы фонду илдиртиптир. Анын расмий аталышын азыр сүрүштүрүп жатабыз. Фондунун жетекчилеринин бардыгы намаз окуган мусулмандар экен. Бирок алар "биз патриот кыргыз мусулмандарыбыз" деген көз караштарын билдиришиптир", — деп маалымдашты мэриядан. 

Алардын айтымында, өлкөдө жарнактардын мазмунун текшерген бир дагы орган жок. Буга чейин бир департамент болсо, ал дагы жоюлуп кеткен. Ал эми көрнөк-жарнактарды текшерүүгө мэриянын укугу жок. Бирок мамлекеттик тил боюнча мыйзамга ылайык, Тил комиссиясы көзөмөлгө ала алат. 

Сурамжылоо

"Кайран элим кайда баратабыз?" баннери керекпи?
  • Ооба, аны өлкө боюнча жайылтуу керек
    15.3% (31)
  • Ооба, кыргыздын маданиятын сактоо керек
    25.6% (52)
  • Жок, бул коомго терс таасир бериши мүмкүн
    36.4% (74)
  • Жок, бул мазактагандык
    22.2% (45)
  • Мага бары бир
    0.5% (1)
Добуш бергендер: 1
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматовго кайрылганда, баннерди илдирүүнүн артында чоң каражат турарын билдирди. 

"Бул жарнактар чоң каражат менен чыккан. Анын артында таасирдүү адамдар турат деп ойлойм. Кыргыздын жашоо-турмуш тууралуу мыкты макалдары бар. Ошолорду шаарларга илдиртүүнү суранып көптөгөн мекемелерге кайрылганыбызда эч ким колдогон эмес. Анан элди бөлүп, жарып чыр жараткан жарнакка каражаттын табылып калышы жөн жерден эмес", — деп билдирди Эрматов.

Мамтил боюнча комиссия жетекчиси баннердеги жарнак чагымчылдык маанайда экенин белгилеп, мэрияга билдирүү жибергенин ырастады. 

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматы талаш жараткан жарнак тууралуу маалымдар экендигин билдирип, ашыкча пикир айтуудан карманышты.

Тема:
"Кайран элим, кайда баратабыз?" баннеринин чуусу (8)

Тема боюнча

Муфтият көчөгө илинген жарнакты ынтымакка доо келтирген көрүнүш деп тааныды
Белгилер:
баннер, тил, ислам, Бишкек мэриясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ