Бишкектин мектеп дубалындагы граффити таштандыны атайын челекке салууга чакырат

© Sputnik / Данияр СандыбаевБишкектеги №5 компьютердик улуттук гимназиясынын дубалына шаарды таза кармоого чакырган граффити
Бишкектеги №5 компьютердик улуттук гимназиясынын дубалына шаарды таза кармоого чакырган граффити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай масштабдагы стрит-арт-долбоору Борбордук Азиянын аймагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкектеги №5 компьютердик улуттук гимназиясынын дубалына шаарды таза кармоого чакырган граффити пайда болду. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевБишкектеги №5 компьютердик улуттук гимназиясынын дубалына шаарды таза кармоого чакырган граффити пайда болду
Бишкектеги №5 компьютердик улуттук гимназиясынын дубалына шаарды таза кармоого чакырган граффити пайда болду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкектеги №5 компьютердик улуттук гимназиясынын дубалына шаарды таза кармоого чакырган граффити пайда болду
© Sputnik / Данияр СандыбаевМэриянын маалыматына караганда, "Мен Бишкекти сүйөм" арт-долбоорунун алкагында BASICOLORS арт-группасы түзгөн дубалдагы граффити алгачкы жолу пайда болду
Мэриянын маалыматына караганда, Мен Бишкекти сүйөм арт-долбоорунун алкагында BASICOLORS арт-группасы түзгөн дубалдагы граффити алгачкы жолу пайда болду - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мэриянын маалыматына караганда, "Мен Бишкекти сүйөм" арт-долбоорунун алкагында BASICOLORS арт-группасы түзгөн дубалдагы граффити алгачкы жолу пайда болду
1/2
Бишкектеги №5 компьютердик улуттук гимназиясынын дубалына шаарды таза кармоого чакырган граффити пайда болду
2/2
Мэриянын маалыматына караганда, "Мен Бишкекти сүйөм" арт-долбоорунун алкагында BASICOLORS арт-группасы түзгөн дубалдагы граффити алгачкы жолу пайда болду

Мэриянын маалыматына караганда, "Мен Бишкекти сүйөм" арт-долбоорунун алкагында BASICOLORS арт-группасы түзгөн дубалдагы граффити алгачкы жолу пайда болду. Уюштуруучулар алгач Бишкек тургундары арасында эң маанилүү көйгөйлөр боюнча сурамжылоо жүргүзгөндө көпчүлүк таштандынын көбөйгөнүн билдирген. 

"Долбоор үчүн орун жөн жерден тандалып калган жок. Мектеп —балдар менен жаштар жолуккан жер. Алар граффитинин маани-маңызын достору менен бөлүшөт. Мектептин алды эл жыш жайгашкан тарапты карап турат. Демек, граффитинин чакырыгын көптөгөн адамдар көрө алат", — деп билдиришти мэриядан.

Тазалык муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуучу 32 унаа берилди. - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" таштанды чогултуучу 32 унаага ээ болду
Долбоордун алкагында дагы үч көп кабаттуу үйлөрдүн дубалына бишкектиктер сунуштаган темада гарффити түшүрүү пландалып жатат. Мындай иш-чаралар "Сорос-Кыргызстан" фондусунун, Бишкек мэриясынын жана Шаарды өнүктүрүү агенттигинин колдоосунун негизинде өткөрүлүп жатат. 

Мындай масштабдагы стрит-арт-долбоору Борбордук Азиянын аймагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. 

BASICOLORS арт-группасы граффити менен стрит-арт-долбоорлору боюнча ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жүргүзүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0