06:52 27 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Коом
Кыскача шилтеме алуу
33 0 0

Экотехинспекция келтирилген экологиялык чыгымдарды мамлекеттин эсебине өндүрүп берүү ниетинде. Ага кошумча мыйзамсыз курулуштарды бузуу аракетин баштады.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Эл чарбасы жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн жайын ижарага алгандардын ишин кезексиз текшерүү учурунда одоно кемчиликтер табылган. Бул туурасында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ведомствонун маалыматында Бишкек эркин экономикалык аймагы менен Түштүк-кореялык "ЭЭАны өнүктүрүү боюнча борборазиялык корпорация" ЖЧКнын ортосунда 93 жылга түзүлгөн убактылуу колдонуу боюнча келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөн. Жер кодексине ылайык, иажарага берүү мөөнөтү 50 жылдан ашпаш керек. Аталган компаниянын каттоосу 2,5 жыл мурун эле аяктаган.

"Компания эстеликтердин сакталышын камсыз кылган эмес, учурда алар жаман абалга келип калган. Ошондой эле жерди казгандан жана бактарды кыюудан жер катмарына бир топ зыян келген. Келтирилген чыгымдын жалпы көлөмү 460 миң сомду түздү", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары эки кафе, дарбаза жана ички жолдор уруксат берген документтери жок жасалган.

Экотехинспекция экологияга келтирилген чыгымдарды мамлекеттин пайдасына төлөтүп, мыйзамсыз салынган курулуштарды бузууга ниеттенип жатат.

Тема боюнча

Мэрия шаардын көркүн бузган 200 жарнамалык тактаны алат
Белгилер:
"Бишкек" эркин экономикалык аймагы, Мамлекеттик экотехинспекция

ЭҢ МААНИЛҮҮ